Домой Коом Жогорку Кеңеш акыйкатчы Токон Мамытовду отставкага кетирди

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Токон Мамытовду отставкага кетирди

231

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралды. Бул боюнча баяндаманы тийиштүү комитеттин төрагасынын орун басары Таабалды Тиллаев жасады.

Депутаттар аны кызматтан бошотуу чечимин кабыл алышты.

Ал парламенттик шайлоого аттанып жатканын билдирген.

«Айрым учурда адам укугуна дал келбеген мыйзамдар, токтомдор бар экен. Адам укугун кеңири коргоо үчүн кээ бир мыйзамдарды кайра иштеп чыгып, толуктап, өзгөртүү киргизүү керек. Мен ошонун баарын акыйкатчы болуп иштеп жатып көрдүм. Адам укугу тиешелүү деңгээлде корголбой жатканынын себеби мыйзамдардын иштебегендиги, иштеген учурда айрым фактылар көрсөтүлбөй калган. Мисалы, насыя алып үйүнөн ажырап жаткандар боюнча бул маселени мыйзам менен бекитип, оңдоп койсо болот. Ошондо элге, банкка, мамлекетке да жеңил болот», — дейт Мамытов.