Жогорку Кеңештин депутаттыгына №33 Нарын округу боюнча талапкерлигин койгон Чыңгыз Капаров эртелеп эле өзүнүн атаандашы болгон Улан Бакасовду каралоону баштап алгандай болду.
Ал, «Бакасов үгүт иштерин эрте баштап, добуштарды сатып алууга аракет кылып жатат» деген маанайда Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылыптыр. Анын БШКга кайрылуусунда атаандашы ошол округдагы бир нече айылдардын аймактарына шагыл төгүп берип жатканы айтылат. Бирок, «калптын казаны кайнабай» турганы дароо эле билинди. ЖК депутаттыгына талапкер Улан Бакасовдун расмий өкүлү Майрамбек Өмүрбаев Чыңгыз Капаровдун айткандары жөн гана каралоо аракети экенин билдирди.
Анын айтымында «У. Бакасов жолду оңдоо иштерин талапкерлигин койгонго чейин эле токтоткон, ал эми Нарын-8-март автоунаа жолун мамлекеттик №8 жол тейлөө мекемеси оңдоп жатат. Анын сөзүн тастыктаган №8 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Н. Асанбаевдин да билдирүүсү кошо жарыяланган. Ал билдирүүдө 2021-жылдын май-август айлары ичинде жеке ишкер Улан Бакасовдун демөөрчүлүгү менен күйүүчү майлар алынып, жолго кум, шагыл, топурак аралашмасы төгүлүп, жолдун материалдык курамы жаңыртылган. Андан кийинки жолдорду оңдоо иштерине мамлекеттик бюджет эсебинен 900 миң сом каралып, иштер аткарылган. Башкача айтканда, август айынан кийинки айларда жасалган жолдорду оңдоо иштерине Улан Бакасовдун тиешеси жок. Мыйзам боюнча кыргыз жаранынын депутаттыкка талапкерлигин койгонго чейинки жасаган иштеринин шайлоого таптакыр байланышы болбойт. Талапкерлигин расмий түрдө койгондон кийин ушул сыяктуу аракеттер жасалса, анда ал шайлоочуларды сатып алуу аракети болуп саналышы мүмкүн эле. Андыктан Чыңгыз Капаров кимдир-бирөөнүн үстүнөн арызданардан мурда, маселени жакшылап тактап алса жакшы болмок,».-деп билдирген.
Булак: Багыт