Учурда абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап, дарыгерлердин кароосунан өткөнүн уулу Азат Равшан «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
«Бүгүн атам ооруканада медициналык кароодон өткөрүлдү. Бардыгы жакшы болот деп ишенем».
Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, саясатчы кароодон өткөн медициналык борбор ал «өнөкөт гепатитке» жана башка вирустук-инфекциялык ооруларга чалдыкканын лабораториялык жактан тастыктаган.
«Равшан Жээнбеков өзүнүн оорусун Кыргызстанда айыктырууга мүмкүн эместигин, дарылоочу адистер жана тиешелүү жабдуулар чет өлкөдө бар экенин айтып жатат. Ушундан улам биз 25-октябрдагы сот отурумунда Равшан Жээнбековдун чет өлкөгө чыгып дарыланып келүүсүнө уруксат берүү өтүнүчүн сотко жолдойбуз. Себеби эл билет, Өмүрбек Бабанов деле абакта отурган жеринен чет өлкөдөн дарыланууга жиберилген. Олуттуу учурларда сот, тергөө органдары уруксат берип жүрөт».
Оппозициялык саясатчынын саламаттыгы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат бере элек.