Домой Без рубрики Кыргызстанда чакан ГЭСтер активдүү курула баштады

Кыргызстанда чакан ГЭСтер активдүү курула баштады

66

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтердин курулушу активдүү жүрүүдө. Кичи гидроэлектростанцияларды куруу үчүн тиешелүү мыйзам базасы түзүлгөн.
Кабыл алынган ченемдик документтер энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча иш жүргүзүүнү каалаган инвесторлорго белгилүү преференцияларды алууга мүмкүнчүлүк берет. Тагыраак айтканда, учурда энергиянын кайра жаралуучу булактарына тийиштүү субъектилерге жабдууларды импорттоодо салыктан (КНС) он жылга, киреше салыгынан (беш жылга чейин) бошотулат, 10 жылдык жеңилдетилген мезгилге жогорулатылган коэффициентти эске алуу менен өндүрүлгөн электр энергиясын кепилдик менен сатып алуу аныкталат.
Жогоруда аталган оң өзгөрүүлөр энергиянын кайра жаралуу булагын пайдалануу менен энергетиканы өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартууга мүмкүндүк берди.
Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү инвесторлордун күчү жана чет элдик инвесторлорду тартуу менен жалпы республика боюнча чакан ГЭСтердин активдүү курулушу башталды.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу менен жалпы республика боюнча чакан гидроэлектростанциялардын активдүү курулушу башталды.
Чакан ГЭСтердин активдүү фазада (2021-2022) курулушу Баткен, Жалалабад, Ысык-Көл, Ош облустарынын аймактарында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Чүй жана Талас облустарында пландаштырылууда. Анын жалпы кубаттуулугу 100 МВттан ашат.
Бирок, ошол эле учурда, республиканын чакан дарыяларынын гидро ресурстарын иштетүү жалпы көлөмдүн 1,27% ын гана түзөт, ал эми потенциалы болжол менен 1 млрд кВттан ашат.
Республикада жалпы кубаттуулугу 54 МВт болгон 19 чакан ГЭС иштеп жатат, ага ылайык, 100дөн ашык чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар.
Кичи гидроэнергетиканы, күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү, Камбарата 1-ГЭС Жогорку Нарын каскаддар ГЭСи, Суусамыр-Көкөмерен каскад ГЭСи, Казарман каскад ГЭС сыяктуу ири ГЭСтерди, куруу менен бирге өлкөнү энергетикалык көз карандысыздыкка гана алып келбестен, республиканын экспорттук потенциалын жогорулатат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен суу күн жана шамал энергиясынын өнүкпөгөн потенциалын эске алуу менен министрлер кабинети өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүүгө инвесторлорду тартуу боюнча олуттуу иштерди аткарууда.