Домой Коом ИИМ: «Динамо» спорт комплексинде Динамияданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү

ИИМ: «Динамо» спорт комплексинде Динамияданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү

42

Бүгүн, 2021-жылдын 19-октябрында «Динамо» түштүк комплексинде Кыргыз милициясынын күнүнө арналган Динамияданын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Сынактын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов кайрылды. “Динамо коому 1923-жылы СССРде, ал эми Кыргызстанда 1925-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында Кыргыз милициясынын 97 жылдыгына арналган мелдештер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Командалар спорттун жети түрү боюнча күч сынашат — ордо, шахмат, армрестлинг, дартс, тогуз коргоол, стол тенниси жана жеңил атлетика. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм жана күчтүүлөр жеңип чыгышсын», — деди Адылбек Качкынбекович.

Андан кийин “Динамо” коомунун төрагасынын биринчи орун басары, отставкадагы милициянын полковниги Төрөкул Мадалиев сөз сүйлөп, Динамияда Кыргыз Республикасынын Спартакиадасына даярдык көрүү үчүн өткөрүлүп жатканын айтты. «Динамо» коому эки жолу Олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Ал ошондой эле келээрки жылы Россияда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн спартакиадасын өткөрүү пландалып жатканын айтты.

«Бүгүн мелдешке катышкан мыкты спортчулар КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына дагы катышат. Араңарда Азиянын, Дүйнөнүн жана Олимпиаданын келечектеги чемпиондору бар деп ишенем”, — деди Төрөкул Мадалиев.
Динамиада үч күн өтөт, жабылуу аземи 22-октябрда “Динамо” спорт комплексинде өтөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы