Домой Саясат БШКнын мүчөсү: «Былтыр парламенттик шайлоого катышкан партиялардын күрөөсү толугу менен кайтарылды»

БШКнын мүчөсү: «Былтыр парламенттик шайлоого катышкан партиялардын күрөөсү толугу менен кайтарылды»

104
Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов былтыр парламенттик шайлоого катышкан бардык партиялардын күрөөсү кайтарылып берилдиби деп сурады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искандер Гайпкулов кайтарылып берилгенин айтты. «Былтыр парламенттик шайлоого катышкан партиялардын күрөөсү толугу менен кайтарылды. Толук 80 миллион сом акча өздөрүнүн эсептерине кайтарылып берилди», — дейт ал.

Былтыр парламенттик шайлоого 16 партия ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.