Домой Коом Бишкектин борбордук бөлүгүндө акысыз Wi-Fi зона иштей баштады

Бишкектин борбордук бөлүгүндө акысыз Wi-Fi зона иштей баштады

102

Бишкектин борборунда акысыз Wi-Fi иштеп баштаганын «Кыргызтелеком» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Акысыз интернет Эркиндик проспектинин Чүй проспектинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жеткиликтүү болот. Ал «Жеткиликтүү санариптик дүйнө» долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Эми борбор калаанын тургундары жана коноктору мамлекеттин үлүшү бар компанияда кепилденген акысыз WI-FI зонасын күнү-түнү пайдалана алышат.