Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мектеп окуучуларынын мушташы боюнча милиция кызматкерлери текшерүүнү баштады.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 16-октябрда Фрунзе менен Сад көчөсүнүн кесилишинде өспүрүмдөрдүн чогулуп жатканы жана мушташы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөп кеткен. Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
“Өспүрүмдөр мушташ болбогонун билдиришкен. Мындан сырткары, Бишкектеги ооруканалардын бирине Новопавловка айылынын 2006-жылкы А.Н. аттуу бала кайрылганы аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.