Домой Саясат «Акшумкар», «Эмгек», «Замандаш»… Дагы кайсы партиялар парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты?

«Акшумкар», «Эмгек», «Замандаш»… Дагы кайсы партиялар парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты?

129
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 75 партия билдирүү берген. «Эркин Кыргызстан», «Эне жүрөгү-Мекен» партиясын каттоодон баш тартылды.

23 партия талапкерлер тизмесин көрсөтүүнү билдиришти. Алар: «Улуттар Биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстандын Жашылдар партиясы», «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы», «Ата Мекен», «Ыйман Нуру», «Эл үмүтү», «Азаттык», «Ынтымак», «Ак Асаба», «Күчтүү регион», «Бүтүн Кыргызстан», «Аруузат – Эл Куту», «Ата-Журт Кыргызстан», Мекенчил Эл», «ОРДО», «Кыргызстандын «Багыт» либералдык-демократиялык партиясы», “Жашасын Кыргызстан”, «Улуу-Журт”, «ЛЕГАЛАЙЗ», “Кыргызстандын жаштар прогрессивдүү партиясы», «Социал Демократтар» партиясы.

Ал эми 20 партия шайлоого катышуудан баш тарта тургандыктарын кат жүзүндө билдиришти. Алар: «Бийлик Элге», «Ар-Намыс», «Аалам», «Ак Бата», «Социалист», «Бирге-Вместе», «Биздин Эл», «Наш Народ», «Афганистандагы согуштун жана башка согуштук конфликттердин ардагерлеринин партиясы”, «Эмгек», “Чон Казат”, «Либералдык-Прогрессивдүү Партия», «Кыргызстан элдеринин конгресси», «АШАР-Алтан», “Жаратман Эл”, “Элдик Партия”, «Менин Мекеним», «Элдик Партиясы», “Замандаш”, “Акшумкар”, «Айкол Кыргызстан», «Кыргызстандын «Баба Дыйкан» фермер-дыйкандарынын партиясы”.

Ошол эле учурда 30 партия мурда катышууну билдирип, бирок 13-октябрга карата шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын билдиришкен жок. Алардын ичинен 6 партия шайлоо фондун түзгөн жок. Алар: «Актив», «Акыйкат Кыргызстан», «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы», “Күч биримдикте”, «Жаңы Мезгил», “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, «АДИЛЕТ», «Жаңы ЭРА», “Келечек-Будущее”, Асыл-Мурас Жаштар», «Улутман», «Аманат», “ТУРАН”, «Адам укугу», «Элдик аракет партиясы”, «Эгемен Кыргызстан», «Кыргызстандын «ТЫНЧТЫК» элдик патриоттук партиясы», «Элдик контроль», «Кыргызстандын дыйкан (фермердик) партиясы», «Чындык», «Мурас», «Ак-Шам» Мекен жана жаратман партиясы”, «Кыргызстан элдеринин шериктештиги», «Кыргызстан», «Тилектештик», «Реформа», «НУР», «Ак-Санат», «Ак-Ниет», «Асаба» партиясы.