Домой Саясат УКМК: «Мурунку Саламаттык сактоо министринин тууганы коррупцияга шектелип кармалды»

УКМК: «Мурунку Саламаттык сактоо министринин тууганы коррупцияга шектелип кармалды»

133
Бүгүн, 15-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарынын жана фармацевтикалык компаниялардын кошумча коррупциялык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Мурунку Саламаттыкты сактоо министринин туугандарынын бири С.Ж. дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди мыйзамсыз каттоо максатында министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды.

Азыркы учурда С.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Эскерте кетсек, дары-дармектерди калкка бурмаланган баада сатуу боюнча фактылар аныкталган.