Токмок шаарында эне баласын эмизип жатып уктап калып, наристе көз жумду. Бул тууралалуу Чуй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-октябрда Токмок ШИИБнун нөөмөт бөлүмүнө, ымыркай 2021-жылдын 11-августунда туулган, С.Э. каза болгондугу туралуу маалымат келип түшкөн.
Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда 33-жаштагы Б.С. энесинин айтуусу боюнча баласын эмизип жатып уктап калгандыгынын себебинен ымыркай думугуп көз жумгандыгы туралуу билдирген.
Аталган окуя, 2021-жылдын 14-октябрында, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 135-беренесинин (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ымыркай С.Э. жансыз денеси Токмок шаарынын өлүк кармоочу жайына жеткизилген өндүрүш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.