Бажынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов тууралуу ыр жарык көрдү. Ырдын автору Дамир Токтосунов SUPER.KG порталына ырдын жаралышы боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
«Мен өзү обончу-аткаруучумун. Кудайберген Кутуев аткарган «Туулган күн» аттуу ырдын авторумун. Райымбек менен 10 жыл бирге окугам. Ал менин айылдашым, классташым, досум. Экөөбүз топтун артынан чуркап бирге чоңойдук десем болот. Мен бул ырды пандемиянын алдында чыгаргам. Досумдун элге, майыптарга кылган жакшылыгын, жетим балдарды окутканын камтып 3 куплет ыр жазгам. Анын кандай эмгек жасаганын мен жакшы билем. Бул ырга мен клип тартам деп жүргөн боюнча калып калган. Ырды коомчулукка досумдун тарапташтары чыгарышкан экен. Мындан өзүмдүн кабарым болгон эмес. Мен жакшы бир клип тартып, анын чыгарсамбы деп ойлоп жүргөм. Буюрса, клип тартам деген оюм бар. Ыр чыккандан кийин коомчулукта түрдүү пикирлер айтылды. Айрымдары кошоматчылык деп түшүнүштү. Оозуна ээ боло албагандар түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Мен бул нерсеге көңүл деле бурбайм. Учурда музыка эмес, башка тармакта иштейм», — деп билдирди.