Домой Коом Президенттин жубайы Айгүл Асанбаева реабилитациялык борборго 500 миң сом берди

Президенттин жубайы Айгүл Асанбаева реабилитациялык борборго 500 миң сом берди

695

Бүгүн, 15-октябрда Улуттук филармонияда Чолпон-Ата шаарындагы «Ден соолук» реабилитациялык борбору үчүн акча чогултуу марафону өтүүдө.

Иш -чарага президент Садыр Жапаров, жубайы Айгүл Асанбаева, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышууда. Иш-чарага катышкандар борборду реконструкциялоо үчүн жардам көрсөтүшүүдө.

«Алтын Балалык» реабилитациялык борборун реконструкциялоо үчүн президенттин үй -бүлөсүнүн атынан 500 миң сом каражаттын президенттин жубайы Айгүл Асанбаева тапшырды.

Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» реабилитациялык борборуна каражат чогултуу марафонунда президенттин жубайы иш-чаранын актуалдуулугун белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президенттин үй -бүлөсүнөн келген жардамдын суммасын айтты.