Домой Коом Парламенттин депутаты Дэвид Эмесс шайлоочулар менен жолугушуу учурунда өлтүрүлдү

Парламенттин депутаты Дэвид Эмесс шайлоочулар менен жолугушуу учурунда өлтүрүлдү

318

Улуу Британия парламентинин жамааттар палатасынын мүчөсү, Консервативдик партиянын өкүлү Дэвид Эмесс шайлоочулар менен жолугушуу учурунда кол салуудан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Дэвид Эмесс чак түштө Лондон шаарынын түштүгүндөгү Ли-он-Си аймагында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда бычакталган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

Бул кылмышка шектелип полиция тарабыынан 25 жаштагы жаран кармалган.

Дэвид Эмесс 69 жашта болчу. Анын артында аялы жана беш баласы калды. Маркум 1983-жылдан парламент депутаты болуп келген. Ал депутат катары жаныбарларды коргоо маселелери менен алектенип, Улуу Британияда түлкүгө аңчылык кылууга тыюу салууну колдогон.