Ош ШИИБдин маалыматында, кылмышка шектүү киши кызга бычак такап коркутуп зордуктаган.
«Шектүү 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында шаардагы түнкү эс алуу жайларынын биринде жабырлануучу менен таанышкан. Андан соң кызды «Анар» кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03:00 чамасында өз автоунаасы менен алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Атайын экспертиза окуучунун зордукталганын, ага чейин жыныстык катнашта болбогонун ырастаган.
Шектүүнүн мурда Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткени аныкталган.