Түркияда ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды сотто полиция бөлүмүндө кыйноого алынганын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, күбө катары көрсөтмө берген Инанды көрсөтмөлөрүн полиция бөлүмүндө кыйноо астында бергенин айткан.
Инанды жогорку жазык сотунда Шүкрү Йылдырыр аттуу адамдын ишинде күбө катары сотко катышкан. Айыпталуучу Шүкрү Йылдырырдын ким экенин тааный албаган Инанды: «Айыпталуучуну бул жерден көрө албадым. Айтканым да эсимде жок. Мен кыйноонун астында билдирүүмдү бердим. Мындай ысым эсимде жок. Мен FETO’ну кызмат кыймылы катары билем. Мен муну террордук уюм деп эсептебейм», — деген Инанды.
Сот айыпталуучу Йылдырырды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.