Домой Саясат Адвокат Токтакунов телефонун тыңшап жатышканын билдирди

Адвокат Токтакунов телефонун тыңшап жатышканын билдирди

159
14-октябрда юрист Нурбек Токтакунов мобилдик телефону Teлеграм каналы аркылуу «Байланыш кызматы» мамлекеттик мекемеси тарабынан тыңшалганын билдирди. Бул тууралуу адвокат Facebook баракчасына жазды.

«Алгач «Телеграммдан» белгисиз Xiaomi Redmi 7A түзмөгүн таап алдым. Жеке жашоомо кийлигишүүнүн скриншотун алдым. Анан экранымдын скриншотун ФБга жарыяладым. Андан соң жакшы адамдар менин телефонум Раззаков 55 дарегинде жайгашкан «Мегайлайн» интернетине туташкан түзмөктөн тыңшалганы тууралуу маалыматты жөнөтүштү», — деп жазган Токтакунов.

«Байланыш кызматы» мекемесинин тыңшоого катышы бар экенин Токтакунов телефонундагы даректен улам жазып чыккан. Ал көрсөтүлгөн дарек боюнча издеп барып, имаратты сүрөткө да тартып алган.

«Азаттык» радиосунун журналисттери «Байланыш кызматы» мекемесине кайрылганда Токтакуновдун дооматын төгүндөдү.

Адвокат телефону тыңшалганы боюнча УКМК жана Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.