Бишкектеги «Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы кабарланган. Ал эми УКМК бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.