Бишкектеги «Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков кармалды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазышууда.
Андагы маалыматтарга ылайык, Эркин Салымбековго бажыдагы мыйзамсыз схема боюнча айып тагылган. Бирок так маалымат айтылган эмес. Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, бул боюнча комментарий бербей тургандыгын айтышты.