Ала-Бука РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери билим берүү мекемелеринде ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүүдө. Райондук администрация, билим берүү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана ата-энелер менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланууда.
Милиция кызматкерлери ата-энелерди өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алууга чакырышууда. Өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулукка, укук бузууларга бөгөт коюуда, ошондой эле эрте нике туруунун, мектеп рекетчилигинин, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда биргелешип иштөө керектиги айтылды.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы