Домой Укук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

54

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан 15-октябрга чейинки аралыкта өткөрүлүп жаткан «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аталыштагы акция өтүп жатат. Анын алкагында Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн аппарат кызматкерлери Сузак районундагы улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык мекемесине барып, аталган мекемеге күнүмдүк турмушта керектелүүчү тазалоочу каражаттарды жана башка оокаттарды тапшырып келишти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер менен бирге барган Жалал-Абад шаарындагы №2 К. Закиров атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган жол кыймылынын жаш инспекторлору өздөрү даярдап келишкен чакан концерттик программасын тартуулап кайтышты.

Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы