Домой Коом Сузак: 100дөн ашуун жаран тойдон ууланды

Сузак: 100дөн ашуун жаран тойдон ууланды

63

Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 1964-ж.т. И.Р. үйүндө 2021-жылдын 9-октябрь күнү жылкы союп, 10-октябрь күнү небересине той өткөргөн жана тойго келген конокторго 9-октябрь күнү союлган жылкынын эти тартылган.
Бул тойго катышкан 100дөн ашуун жаран 2021-жылдын 11-октябрынан тартып дарыгерлерге кайрылышкан. Азыркы учурда ооруканада жаткандар, алардын ичинде жаш өспүрүмдөр да бар.
Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне “Уулануу” болуп каттылып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө.