Домой Жаңылыктар Садыр Жапаров Кытайга чыгарылды делген алтын концентраты тууралуу маалымат берди (видео)

Садыр Жапаров Кытайга чыгарылды делген алтын концентраты тууралуу маалымат берди (видео)

225

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берүү учурунда сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров парламент мүчөлөрүнө өлкөдөн чыгарылган алтын концентраттары тууралуу маалымат берди.

“Бир депутат 17 жүк ташуучу унаа менен алтын концентраты Кытайга чыгып кетти деп элди дүрбөттү. Мындай концентраттар кечээ эле чыгып кеткен жок, 20 жылдан бери мыйзам чегинде чыгып келе жатат. Андан бизге 3,5 – 4 миллиард сомго чейин салык түшүп жатат. Бирок бул каражат бизди багат дегенден алыспыз, биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Салыгын көтөрүп, же Кыргызстандын аймагында кайра иштеп чыгуу жагын караган мыйзам долбоорун киргизебиз. Жөн отурган жокпуз”, — деди ал.

Жапаров ошондой эле, депутаттарга салмактуу маселе көтөрөр алдында аны биринчи текшерип, чын-аныгын билгенден кийин гана триубинага чыгып сүйлөөнү сунуштады. Ал эл өкүлдөрүнүн көтөрүп чыккан маселеси далилдүү болсо, элге дагы ишенимдүү болорун кошумчалады.