Домой Жаңылыктар Садыр Жапаров койгон талаптарды аткарууга колдон келген баардык аракетти жумшоого даярмын, —...

Садыр Жапаров койгон талаптарды аткарууга колдон келген баардык аракетти жумшоого даярмын, — Жапаров

13

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн 12-октябрда Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап, президенттин сунушун колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент койгон талаптарды аткаруу толук мүмкүн экенин айтты.

«Президент алдыга коюп жаткан талаптарды аткарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Колдон келген баардык аракетти жумшоого даярмын. Мен азыркы айтып жаткан пикирлеримди, сунуштарымды буга чейинки президенттерге, өкмөт башчыларга айтып эле келгем. Бирок, алар Садыр Жапаровдой чечкиндүү кадам кыла алышкан эмес. Буга чейин эле «Кумтөрдү» өзүбүзгө алсак болот, коррупцияны жоюп, өлкө казынасын толтурса боло турганын да айткам», — деди Жапаров.