Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындаган бир катар жарлыкка кол койду. Ага ылайык айрым жетекчилер мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, айрымдары жаңы дайындалды.
Ага ылайык:
-Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
— Алмаз Бакетаев — финансы министри;
— Руслан Казакбаев — тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри;
— Аяз Баетов — юстиция министри;
— Эркинбек Осоев — транспорт жана коммуникациялар министри;
— Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;
— Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;
— Динара Кутманова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
— Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
— Болотбек Купешов — билим берүү жана илим министри;
— Азамат Жаманкулов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
— Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
— Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;
— Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
— Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды.
Президент ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларын дайындаган жарлыкка кол койду.
— Арзыбек Кожошев — Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
— Азиз Аалиев — экономикалык блок боюнча орун басары;
-Эдил Байсалов — социалдык блок боюнча орун басары;
— Камчыбек Ташиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды.