Депутат Марлен Маматалиев Дастан Бекешев өзүнө да, Акылбек Жапаровго да көп тийишерин айтты.
«Дастан иним, кыргызда «ичкен кудугуңа түкүрбө» деген жакшы сөз бар. Өзүң айткандай, 2007-жылы Акылбек Усенбекович менен министрликке келгенибизди, кандай иштеп өнүктүргөнүбүздү да жакшы билесиң. Ошондо ал киши атайын сен үчүн, сени жакшы айлык алсын деп болбогон бир бөлүмдү ачып берген. Айтпайын дегем, өзүң айттырып жатасың. Андан тышкары 2010-жылы бир аксакалды кетирип, анын ордуна алдыңкы сапка коюп, ал себепчи болуп депутат болдуң, сен анын жакшылыктарын унутпашың керек», — деди.
«Ооба, баары эсимде. Унутпайм. Ошол үчүн колдоп жатам, колдойм. Бирок кээ бир мыйзам долбоорлорун колдобой турганымды айтып жатам. Катуу сөз айткан болсом кечирип койгула», — деди Маматалиевге Дастан Бекешев.
Буга чейин Дастан Бекешев министрлер кабинетинин төрагасына карата сөз сүйлөп жатып, кесиптештерин да мыйзам долбоорлорун окубайт деп сындаган. Эл өкүлүнүн кесиптештеринин буга карата жообу бул шилтемеде.