Домой Саясат Эдил Байсалов: Өкмөт парламентке көз каранды болбойт (видео)

Эдил Байсалов: Өкмөт парламентке көз каранды болбойт (видео)

1236

Ал “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышканда эл ызы-чуудан чарчаганын, жаратмандык, өнүгүүнү каалап турганын белгиледи.

“Демократия — чыр же хайп эмес. Демократиянын максаты жана милдети — элдин жашоо деңгээлин оңдоо. Мындан ары өкмөт мурдагыдай техникалык болбойт. Биз мурдагыдай парламенттин каалоосу менен кетип калбайбыз. Бизге азыр 90 депутаттын пикиринин кереги жок. Ар бир депутаттын артынан чуркабайбыз, 45 же 50 депутат менен иштеше беребиз”.

Байсалов жаңы өкмөттүн милдети алдыдагы парламенттик шайлоону таза, адилет, акыйкат шайлоону өткөрүү экенин айтты. Шайлоодо талапкерлер менен партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин билдирди.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Министрлер кабинетинин курамы Садыр Жапаровдун сунушу менен алмашып, мурдагы төрага Улукбек Мариповдун ордуна Акылбек Жапаров дайындалды.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.