Домой Саясат Акылбек Жапаров: 30 жылда болгон окуяларга мен да жооптуумун

Акылбек Жапаров: 30 жылда болгон окуяларга мен да жооптуумун

180

Өкмөттүн жетекчилигине сунушталып жаткан Акылбек Жапаров мындай мүмкүнчүлүк ага жана анын муунундагы саясатчыларга акыркы жолу берилип жатышы ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 13-октябрда парламентте сүйлөп жатып айтты.

Жапаров эгемен Кыргызстандын тарыхындагы окуяларга ал да жооптуу экенин белгиледи:

“Мен биздин муундагы саясатчылар сыяктуу эле 30 жылдын ичинде өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга жооптуубуз. Бирок азыркы биздин муундагы саясатчылар үчүн дагы бир жолу, балким, акыркы шанс берилип жатат. Мен мындай мүмкүнчүлүктү 100% колдонуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм деп сиздерге сөз бере алам”.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап жатат.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрүүдө.