Домой Без рубрики Акылбек Жапаров өкмөт башына келди

Акылбек Жапаров өкмөт башына келди

2522

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Жаңы өкмөттүн курамы ушу тапта парламенттин тиешелүү комитетинде каралууда.

Акылбек Жапаровду жаңы Конституцияга ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-октябрда жарыялады.

Ал социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына Жапаров өлкө экономикасын кризистен алып чыгууга убада бергени менен түшүндүрдү.

«Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот», — деди президент.

Жапаров айрым министрликтерге жаңы кишилер сунушталганын, февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатканын айтып, «Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштей баштайт» деп кошумчалады.

«Азаттыкка» белгилүү болгондой жаңы өкмөттүн курамында бир катар жетекчилер алмашкан.

Алсак, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Арзыбек Кожошев, экономика маселелери боюнча орун басарлыгына Азиз Аалиев, социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына Эдил Байсалов, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев, экономика министрлигине Данияр Амангелдиев, финансы министрлигине Алмаз Бакетаев, юстиция министрлигине Аяз Баетов, маданият, маалымат министрлигине Азамат Жаманкулов, социалдык өнүктүрүү министрлигине Кудайберген Базарбаев сунушталды.

Руслан Казакбаев тышкы иштер министри, Улан Ниязбеков ички иштер министри, Болотбек Купешов билим берүү министри, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри, Эркинбек Осоев транспорт министри, Доскул Бекмурзаев энергетика министри, Бактыбек Бекболотов коргоо министри, Динара Кутманова экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп ишин улантмакчы.

Ушу тапта өкмөттүн жаңы курамы парламент комитетинде каралууда.