Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №31 абактын кызматкери Акжол Раимбердиев коомчулукка видео кайрылуу жасап, аны жетекчиси Таалай Асанбаев мыйзамсыз иштен кетүүсүн талап кылып, кысым көрсөтүп жатканын билдирди.
Жетекчисине нааразы болгон кызматкер SUPER.KG порталына жетекчисинин кысымына эмне себептен туш болгонун айтып берди.
«Мен үч жыл мурун 19-мекемеден 31-мекемеге которулуп бардым. Мен баргандан кийин Таалай Асанбаев жетекчи болуп келди. Көп өтпөй негизсиз менин иштен кетишимди талап кыла баштады. Ошол учурдан бери мени иштен кетирүүнүн амалын издеп келет.
Учурда жеке мага гана эмес, соттолгондорго да зыянын тийгизип жатат. Бир кызматкер соттолгон адамдан акча алган экен. Мен аны билип калып мекеме жетекчиге айттым. Ошол учурда мага катуу кысым көрсөтө баштады. Жетекчим бир соттолуучуга барып, «мени телефон алып келип берди деп жаз» деп мажбурлайт. Соттолуучу «мен ал жасабаган ишти кантип жасады деп айтам», — деп баш тартат. Ошол учурдан кийин ага да кысым көрсөтө баштайт. Бул акыйкатсыздык үчүн ал соттолуучу өзүнө кол салып, денесин кесет. Ал эми кызматкерлер аны видеого тартып шылдыңдашкан. Видео коомчулукка тарап кетет.
Жетекчим мага ачык эле колуңдан эч нерсе келбейт. Мен бардык тараптар менен сүйлөшүп койдум дегенинен айла жок видео кайрылуу жасоого аргасыз болдум.
Таалай Асанбаев 31-мекемеде иштеген бир социалдык кызматкер кызга кол көтөрүүгө аракет жасап, сөгүп-сагып менден да жаман кылган. Кыз акыры жумуштан которулуп кеткен. Бир жолу 60 жаштагы соттолуучу оозун тигип алыптыр. Бул тууралуу жетекчиге билдирүү жасасам кагазымды «сен эмне көрүнгөн ишке кийлигише бересиңби» деп жулуп ыргытты. Мени соттолгондор менен көп байланышасың дейт. Ал жердеги менин ишим соттолгондор менен байланышуу болуп саналат.Мен бийлик тараптан бул адамга чара көрүүнү суранат элем», — деди Раимбердиев.
Акжол Раимбердиевдин видеосу жарыялангандан кийин Молдовановка айылында жайгашкан №31 абактын жетекчиси коррупция фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган. 2021-жылдын 7-октябрында каралган кылмыштын негизинде Таалай Асанбаев акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Биз Акжол Раимбердиевди уккандан кийин материал объективдүү болушу үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылып, Раимбердиевдин кандай кызматкер экенин сурадык. Аталган мекеменин басма сөз кызматы Раимбердиевдин видео кайрылуусунан кийин ички териштирүү башталганын айтып, биздин суроолорго жооп бере албай турганын билдирди.
Булак: Super.kg