Домой Без рубрики Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

247

Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионатынан алтын, күмүш, коло медаль жеңип кыргыздын желегин желбиреткен спортчуларды куттуктады.

«Айсулуу алтын кызыбыз!

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм!

Буга улай эле азаматтарыбыз Эрназар Акматалиевдин дүйнө чемпионатында күмүш жана Алибек Осмоновду коло байге алышы менен да куттуктайм! Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы!»- деген президент өз куттуктоосунда.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1967718456736407&id=100004948146129