Домой Без рубрики Манас районунда милиция кызматкерлери окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүшүүдө

Манас районунда милиция кызматкерлери окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүшүүдө

15

Манас районунун ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлери тарабынан Кызыл-Жылдыз айылында башталгыч орто мектебинде окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежесин үйрөтүп жатышат. Балдардын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында атайын график менен окутууларды уюштурушкан. Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан кызматкерлерге ушул багытта алдын алуу иштерди күчөтүүгө тапшырмалар берилип, ар бир мектепке бөлүштүрүлүп бекитилди. Бекитилген кызматкерлер иштерин алып барышууда.

Ар бир класста жол белгилери жана жол кыймылынын катышуучулары тууралуу маалымат берилүүдө. Туура, коопсуз жолдо жүрүү жана жол чырактар иштебеген учурда милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийүү керектиги айтылууда.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы