Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттардын алып келүү жана сатуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-аракеттер жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында, 2021-жылдын 18-сентябрында сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, атайын тергөө амалдарынын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатуу аракеттенген 1982-жылы туулган, М.А. аттуу жаран кармалган, ал жаранды жеке кароодо ийинге салып, аркага асынып жүрүүчү рюкзагында 3 жарым килограммдан ашуун баңгизаты аныкталып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогоруда аныкталган баңгизаты 3 кг 688 грамм “апийим” болгондугу тастыкталган.
Кармалган М.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Тергөө абагына кармоо бөгөт коюу чарасы колдонулган. Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, аталган кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы