Домой Жаңылыктар Памирде (Афганстан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам берилди

Памирде (Афганстан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам берилди

9

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганстан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар климаттык шарты катаал, бийик тоолуу аймакта жашайт жана кыш бул жерге эрте түшөт.

“Памирлик кыргыздар үчүн — 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган, бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет”,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүктөрдү жеткирүү чаралары көрүлүүдө.