Домой Жаңылыктар Камчыбек Ташиевдин уулу мандаттан баш тартты

Камчыбек Ташиевдин уулу мандаттан баш тартты

23

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев мандатын тапшырды. Маалыматты аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Ташиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Анын ордуна ким келери азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болуп барган.