Домой Жаңылыктар Баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) сатуу менен алектенгендер кармалды

Баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) сатуу менен алектенгендер кармалды

26

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүү менен алектенген адамдардын өздүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Б” аттуу жаран баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) сатуу менен алектенгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жогорудагы маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, атайын текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, “көзөмөлдөп сатып алуу” аракети аркылуу 1 кг. 600 гр. “марихуана” жана 25 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын сатып алышкан.
Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда аталган айылдын тургуну “Б” аттуу жарандын өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургуну 1976-жылы туулган М.Б. болуп аныкталган.
2021-жылдын 23-сентябрында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда саат 23:00дө Тогуз-Торой аймагында 1976-жылы туулган Б.М. жана ал менен бирге жүргөн, кылмышка катыштыгы бар М.Н. аттуу жаранды жеке текшерүү учурунда 2 кг. 830 гр. “гашиш” жана 1 кг 600 гр. “марихуана” баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы 4 кг. 43 граммды түзүп, соттук экспертизасынын корутундусуна ылайык “гашиш” баңгизаты болгондугу аныкталган.
Учурда кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процестик кодексинин 98-беренесине ылайык, Сузак РИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында мындан аркы тергөө амалдары улантылууда.