Домой Жаңылыктар Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору...

Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды

24

Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында маалымдалат.

Алтынай Өмүрбекова 1973-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана юридика факультеттерин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1997-1998 — “Эридан-маркет” ЖЧКсынын жабдуу боюнча менеджери
  • 1998-2000 — “Эридан-маркет” ЖЧКсынын сатуу боюнча менеджери
  • 2000-2003 — “Урмат Интер” ЖЧКсынын директору
  • 2005-2008 — “Туртрест” ЖЧКсынын директору
  • 2009-2010 — Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгында юрист
  • 2010-жыл, 10-ноябрь — V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты
  • 2010-жыл, 23-декабрь – Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин төрагасынын орун басары
  • 2011-жыл, 8-июль — өз ыктыяры менен мандаттан баш тарткан
  • 2011-жыл, июль айы — Бишкек шаарынын Ленин районунун акими
  • 2013-жыл — Бишкек шаарынын Свердлов районунун администрация башчысынын милдетин аткаруучу
  • 2015-жылы “Республика Ата-Журт” партиясы менен парламенттик шайлоого келип, депутат болгон
  • 20.04.2018 — КР вице-премьер-министри.