Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-октябрда, Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алгачкы беттешине чыгат.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган.
Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтынын маалыматына ылайык, Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулар таймашы менен башталат.
Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынан алгачкылардан болуп учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) килемге чыгат.
Кыргызтандан Тыныбековадан башка дагы эки балбан кыздар: Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда жана Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт.
Чемпионат 10-октябрда жыйынтыкталат.