Домой Жаңылыктар Токмоктогу жол кырсыгына кабылган унаа президенттин администрациясына тиешеси жок

Токмоктогу жол кырсыгына кабылган унаа президенттин администрациясына тиешеси жок

50

Токмок шаарында Toyota RAV4 менен Mazda үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, эки адам көз жумду. Маалыматты Чүй ЖКККББнын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы  3-октябрга караган түнү Токмоктогу Гагарин менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кырсыктан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаанын эки жүргүнчүсү каза тапкан. Жаракат алган жарандар ооруканага жеткирилген.

Буга чейин айрым басылмаларда жана социалдык тармактарда кечээ түндө Токмок шаарында эки автоунаа кагышып, натыйжада эки адам каза тапканы кабарланган. Алардын бири президенттик администрациянын кызматтык унаасы экени жазылган.

Президенттин маалымат кызматы
аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.