Талас шаарынын Ленин менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде Ford Transit менен Toyota Camry унаалары кагышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат боюнча, кырсыктан жети адам жабыр тарткан (беш эркек – 19 жаштагы С.Т., 20 жаштагы Т.А., 21 жаштагы Ю.С. жана 18 жаштагы Р.Б. менен Э. уулу Ж., эки кыз – 18 жаштагы Б.А. жана 19 жаштагы К.А.). Алар ар кандай даражадагы жараат алган.
Жабыркагандар тез жардам унаасы келгенге чейин ооруканага жеткирилген.