Домой Жаңылыктар ИИМдин Башкы Штабынын түзүлгөн күнүнүн 50 жылдыгы белгиленди

ИИМдин Башкы Штабынын түзүлгөн күнүнүн 50 жылдыгы белгиленди

8

Бүгүн, 4-октябрь күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары,коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн жана 30-сентябрь Кыргыз Республикасынын ИИМнин Башкы Штабынын түзүлгөн күнүнө карата айрым кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Мыкты ИИМ кызматкери”,”Ардак грамота” жана Нарын ОИИБнин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Майрамга утурлай кызматкерлер арасында ынтымакты бекемдөө максатында Нарын ОИИБнин бөлүмдөр аралык командаларга “Волейбол” оюну уюштурулуп, оюнда мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге жана жеңүүчү командаларга Нарын ОИИБнин дипломдору тапшырылды.
Өз сөзүндө А.Жумабеков сыйлык ээлерине , женүүчү командарларга куттуктоо сөзүн айтып иштерине ийгилик каалап өттү.