Домой Жаңылыктар Гүлнара-Клара Самат Армениянын элчиси болду

Гүлнара-Клара Самат Армениянын элчиси болду

29

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат ишин айкалыштыруу боюнча Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.