Домой Жаңылыктар «Чыгармачылык үчүн» Алтын медалына арыздар кабыл алынат

«Чыгармачылык үчүн» Алтын медалына арыздар кабыл алынат

3

Кыргызпатент ИМБДУнун «Чыгармачылык үчүн» Алтын медалын алууга талапкерлерден арыздарды кабыл алууну жарыялайт!

Өлкөнүн маданий жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон улуттук авторлордун жана аткаруучулардын эмгегин таануу максатында «Чыгармачылык үчүн» ИМБДУнун Алтын медалы ыйгарылат.

ИМБДУнун Алтын медалына талапкерлерди көрсөтүү укугу Кыргыз Республикасынын министрликтерине, ведомстволоруна, чыгармачыл союздарына, илимий жана илимий-изилдөө мекемелерине, илимий-техникалык коомдоруна жана коомдук уюмдарына берилет.

ИМБДУнун Алтын медалына талапкерлерди көрсөтүү үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргызпатенттин алдындагы Авторлор кеңешинин, Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин Президиумдарынын катчылыгына берилет.

ИМБДУнун Алтын медалына талапкерлерди көрсөтүү жол-жобосу менен Кыргызпатенттин расмий сайтынан http://patent.kg/wp-content/uploads/2021/09/Чыгармачылык-үчүн-Алтын-медалы.pdf  же ИМБДУнун сайтынан https://www.wipo.int/ip-outreach/ru/awards/ таанышууга болот.

Cуроолор боюнча төмөнкү телефондорго байланышыңыз: +996 (312) 681403, 680086, +996 (999)907906 Акматова Чолпон,  +996 (550)778450 Чалова Зарина.