Домой Жаңылыктар Биринчи май райондук соту активист Максат Касеновду камакка алды

Биринчи май райондук соту активист Максат Касеновду камакка алды

18

2-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Максат Касеновду камакка алды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызмат кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал 30-октябрга чейин №50 тергөө абагында болот.

Милиция аны “киши өлтүрүүгө аракет кылган” деген шек менен 1-октябрда Каракол шаарынан кармап, Бишкекке жеткирилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн.