Домой Жаңылыктар Айдоочу рулга ээ боло албай Чычкан суусуна түшүп кетип, бир адам каза...

Айдоочу рулга ээ боло албай Чычкан суусуна түшүп кетип, бир адам каза болду

26

Бишкек — Ош жолунун 264-чакырымында Honda Odyssey автоунаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай Чычкан суусуна түшүп кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-октябрда катталган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучулары барган.

Каза болгон аялдан башка 43 жаштагы экинчи аял жабыркаган. Жаракат алган жаранды “Тез жардам” кызматы алып кеткен.