Домой Спорт Дарья Маслова спорттон кетти

Дарья Маслова спорттон кетти

1

Кыргызстандын эмгек сиңирген спортчусу, жеңил атлет Дарья Маслова карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“10 жылдык профессионалдык спорт чоң тажрыйба, позитивдүү эмоция, күчтүү эрк тартуулады. Албетте, ызалануу, кайгыруу жана көз жаш төккөн учурлар болду, эң баалуу ден соолуктан ажырадык. Бирок күнөстүү Кыргызстаныбыздын тарыхына аз болсо да салым кошконума аябай сыймыктанам. Машыктыруучума жөнөкөй бир айылдан келген кызды баатыр кылып өстүргөнү үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жылдар аралыгында ал менин экинчи ата-энем болуп калды”, — деп жазган ал.