Журналист Али Токтакуновдун “МедиаХабы” жаңы иликтөөсүн жарыялады. Анда өзүн ломбард атаган “Сомо” компаниясы ашкере чоң үстөк пайыз менен элге карыз берери, түшкөн кирешеси чет өлкөгө кетери анык болду. “15 мүнөттө беребиз” деп азгырыктуу насыя сунуш кылган бул компания латвиялык бизнесмендин дүйнөгө жайылган микрокредиттик уюмдарынын бири.
“Сомо” 1 миң сомдон 50 миң сомго чейин зайым берет. Журналисттер анын сайтындагы калькулятор менен эки вариантты эсептеп көрсөтүштү. Анда эгер кардар 1000 сом насыя алса бир айдан кийин 1495 сом кайтарып бериши керек. Муну пайызга чакканда бир айлык үстөк 49,5% болот. Ал эми жылга чакканда 594% жеткен. “МедиаХаб” аталган “Сомодон” насыя алган жүздөн ашуун кишини сурамжылашкан. Алардын басымдуусу 10 миң сомдун тегерегинде алып, кайтара албай калгандар болуп чыкты. “Сомонун” калькулятору 10 миң сомдун бир айдан кийинки кайтарымы 13 450 сом болорун көрсөттү. Башкача айтканда айлык үстөк 34,5%, ал эми жылдыгы 414%.
Сомонун сайтындагы насыя калькулятору
Журналисттер сурамжылаган адамдардын 73 пайызынын тапканы айлык керектөө корзинасынан (6332 сом) аз, же таптакыр кирешеси жок. Каражатты негизинен дарыга жана дарыланууга, азык-түлүк алганга жана батир акысын төлөгөнгө алышкан. “Айла кетип турганда үстөгүнө карабаппыз” дейт Жанна аттуу аял. Ал акчаны рак илдетине чалдыккан апасына дары алыш үчүн алып, кайтара албай отурат. “Ушинтип кыйналып калганда алдым “Сомодон”. Көзүм кашайып барып алып алдым” дейт Жанна.
“Күйөөм билсе үйдөн кууп чыгат” деп бир аял Вотсап группага жазды. Иликтөөчүлөр андай группалардын бир нечесин, Инстаграм каналдарды табышты. “Сомодон жабыркадык” деген жүздөгөн адам мына ушундай жол менен топтолуп, бири бирин табышкан.
Ажар балдары менен Бишкектин четиндеги конушта, чакан батирде жашайт.
Карызды убагында төлөй албай калгандарга улам үстөк кошулуп, ара чолодо күнү-түнү басым жасаган, коркуткан билдирүүлөр келип турат. Үч баласын жалгыз баккан Ажар аттуу келин телефонунан “Насыяны төлөбөсөңүз оперативдик группаны жөнөтөбүз” деген мазмундагы “Сомонун” СМСин көрсөттү. Ал 11 миң сом алган экен, бере албай жүрүп беш айда карызы 27 миңден ашкан.
Ажарга жөнөтүлгөн “Сомонун” СМС билдирүүлөрү. Коркуткан билдирүүлөрдү жана карызы улам өсүп жатканын көрүүгө болот.
Иликтөөнүн жүрүшүндө “Сомонун” негиздөөчүлөрү Латвияда катталган “Sun Finance Central Asia” жана “SIA P3 Capital” (жаңы аты “Capital KG”) аттуу компаниялар экени белгилүү болду. 2020-жылдагы маалыматка караганда бул эки компания тең латвиялык Айгарс Кесенфелдс аттуу адамга таандык. Быйыл февралда “RE:Baltica” иликтөө борбору Кесендфелдс тууралуу кенен материал жарыялаган. Анда дүйнөнүн 20дан кем эмес өлкөсүндө Кесенфелдс жалгыз же шериктери менен 150 компанияга ээлик кылары жазылган. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө микрофинансы бизнеси менен алектенген Кесенфелдстин байлыгы 400 миллион еврого жакындап калганын латвиялык журналисттер жазышты.
Айгарс Кесенфелдс тууралуу жакында эле Латвияда кенен макала жарыяланган.
“RE:Baltica” иликтөө борборунун башкы редактору Инга Спринге “МедиаХабга” берген маегинде Кесенфелдстин ыкчам бирок жогорку үстөк менен насыя берген бизнесине Латвия бийлиги бөгөт койгонун айтты. “Алар азыр сиздердики сыяктуу көзөмөлү начар, коррупцияга жол берген, эли жакыр өлкөлөрдө акча таап атышат” дейт латвиялык иликтөөчү.
Иликтөөнүн толук, видео вариантын бул ссылкадан көрө аласыз. https://www.youtube.com/watch?v=sa17ua4Ex3U&t=1366sм