Домой Жаңылыктар Коронавирус дагы 88 адамдан аныкталды

Коронавирус дагы 88 адамдан аныкталды

6

Кыргызстанда 30-сентябрга карата коронавирус дагы 88 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми бир суткада 104 адам илдеттен сакайып, ооруканадан чыкса, сутка ичинде Бишкекте жана Баткен облусунда бирден бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 808 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 532 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду