Домой Жаңылыктар Бишкек шаарында адвокаттардын II съездине кирбей калгандардын арасында уруш чыкты

Бишкек шаарында адвокаттардын II съездине кирбей калгандардын арасында уруш чыкты

15

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында адвокаттардын II съездинде кирбей калгандардын арасында уруш чыкты. Бул тууралуу айрым ММКлар жазышты, тасманы жайылтышты.

Тасма Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кире беришинен тартылган. Анда жыйынга келген жактоочулар урушуп жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, жыйынга кире албай калган Чүй менен Бишкек шаарындагы адвокаттардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруш чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргызстандын адвокаттарынын II съезди өтүп, ага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышкан.