Домой Аналитика Бекер иштеген жактоочулардын айлыгын эки эсеге жогорулатуу керек, — президент

Бекер иштеген жактоочулардын айлыгын эки эсеге жогорулатуу керек, — президент

18

Колунда жок жарандарга жана башка адамдарга квалификациялуу жардам көрсөткөн адвокаттардын сый акыларынын өлчөмүн эң аз дегенде 2 эсеге көбөйтүү зарыл. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Садыр Жапаров адвокаттардын II съездинде айтты.

Өз сөзүндө өлкө башчысы Баш мыйзамга ылайык, ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардамдан пайдаланууга акылуу экенин эске салды. Жапаров мыйзамда каралган учурларда мындай жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөрүн, башкача айтканда, жарандар жактоочулардын кызматынан акысыз пайдаланууга укуктуу экенин баса белгиледи.

Туура. Бул кадам жактоочуларга, тактап айтканда шарты жоктордун укугун коргогондорду колдоо менен бирге аларга га да бир топ эле стимул берилди. Башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөргөн президент Садыр Жапаров карапайым элди, анын арасынан абакка эч бир далили жок кесилип кеткен жарандардын укугун жакшы билет. Ошол себептен улам айрым абакта туура эмес же болбосо жактоочуларга тыйындары жок кесилип кеткендер президентке кайрылып жаткандар арбын.

 

Президент 2021-жылга адвокаттардын эмгегине акы төлөө үчүн такталган смета 74,2 миллион өлчөмүндө бекитилгенин белгиледи. Бирок адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алган адамдардын болжол менен 10 пайызы гана аз камсыз болгон жана аялуу катмардагы жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү системасында иштейт.

Президент Юстиция министрлиги Адвокатура менен биргелешип, адвокаттардын ушул ишти жүргүзүүгө болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча иштерди күчөтүшү керек деп эсептейт.

Жылына акысыз юридикалык жардамга 20 миллион сом коройт экен. — Ушул акчага эң сонун штат ачканга болот. Айлык акы үчүн жактоочу кимге болсун да жардам көрсөткөнгө даяр. Кимге жакпаса ал жеке жактоочуну жалдап ала берсин, бирок мамлекет милдетинен кутулмак. Андан сырткары, бул салыкка түшө турган кошумча киреше болмок. Азыр жеке жактоочулар бир тыйын төлөбөй коюшу да мүмкүн.

КР Адвокатурасынын демөөрчүлөрү — бул батыштын ишканалары, алар каржылап туруп, өздөрүнө керектүү багытка иш аракеттерди буруп коё алышат.
КР Адвокатурасынын чет элдик донорлорунун арасында —  USAID, Rule of Low Initiative (Укук коргоочулардын америкалык Бирикмеси), Rule of Low (КР укуктун өкүм сүрүүсүнө көмөктөшүү (Европалык уюм) жана IRZ (Deutsche stiftung fur internationale Rechtliche Zusammenarbarbaeit e.v.Германиялык укуктук кызматташуу фонду).
Бул ЮСАИД жана «Сорос» биздин адвокатураны каалагандай калчайт.  Ким акча төлөсө, ошонун күүсү ойнолот дегендей. Булар мамлекеттин адвокатурага болгон таасирин алсыздандырышат. Адвокатураны чет элдик таасирлерден тосмолоо зарыл деп ишенем, анткени бул улуттук коопсуздукка залакасы тийе турган нерсе.

Бахор Бейшеакмат